
18-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында, 198-255 чакырымдарында, Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101, 108-113 чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында, 60-94 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
- 17.03.2022