Шашылыш билдирүү: кар көчкү, сел жүрүшү күтүлөт

Бул аптада Кыргызстанда жаан-чачын күтүлөт жана аба температурасы жогорулайт. Мындан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү, айрым жерлерде сел  жүрүшү күтүлөт, – деп шашылыш билдирүү таратты ӨКМ.

“Тоолуу унаа жолдордо кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл”, – дешти ӨКМден.

3-4-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

3-4-апрелде абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн,  күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз  -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет жана туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындан сырткары 3-апрелинен 5-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас жана Нарын облустарында ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.