
17-апрелден 21-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кар көчкү коркунучу аймактардын тизмеси:
Төө-Ашуу ашуунун 132-136-чакырымдары;
Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдары;
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары;
Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары;
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымындары;
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдары.
- 17.04.2017