Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

20-февралынан 22-февралына чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу ӨКМнин басма сөз кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы  күтүлөт.

22-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-февралдарда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Тоолуу райондордун жолдору жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.