Шашылыш билдирүү: 29-30-сентябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты. Маалыматта айтылгандай, өлкө аймагында суук түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

29-30-сентябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо каар жашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши ыктымал.

1-2-октябрларда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.