Ош шаардык архивинде документтерди сактоо кыйынга турууда

Ош шаардык мамлекеттик архив кызматына жаңы имарат курулуп берилгени менен өрт коопсуздук чаралары каралбай калган.  Аны менен катар бир калыпта кармап туруучу аба басымы да сакталган эмес. 

Мындан улам, шаардык мамлекеттик архив кызматынын түзүлгөнүнө 40 болуп, андагы 162 миңден ашык дело, өрт кырсыгы катталса жок болуп кетүү коркунучунда турат.  Аны менен катар архивдеги текчелер да  жетишсиз.

“Бизде кагаздар сакталгандыктан өрт коопсуздугу биринчи орунда болушу керек. Жаңы имарат курулуп жаткан учурда өрт коопсуздугу каралбай калган. Мен бул маселе боюнча тиешелүү жерлерге кайрылып келем. Бирок тилекке каршы жыйынтык чыга элек”, – деди Ош шаардык мамлекеттик архивинин директору Токтомамат Жакыпбаев

Адистердин айтымында архивдеги аба басымы чоң мааниге ээ. Андагы документтер, иш-кагаздар 19 градус жылуулукта сакталышы керек. Абаны бир калыпта кармай турган кондиционерлер жок. Ал эми андагы текчелерде документтер пландан ашык тизилгендиктен, делолордун сапаты начарлап, иш алып барууга кыйынчылык туулуп жатат.

“Мындагы текчелерде 6 же 7 катар гана документтер турушу керек. Мында көп болгондуктан сапаты кетип жатат. Аны менен катар биздин иштөөбүзгө да кедергисин тийгизүүдө”-дейт Ош шаардык мамлекеттик архивинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Турсунай Баатырова

Жаңы имарат курулганда жетиштүү орун болот деп ишенгени менен, ал үмүттөрү ишке ашпай калган. Үч кабат курулган жаңы имарат деле көйгөйдү чечкен эмес. Жетекчиликтин айтымында жаңы имараттын бир тарабы курулбай калган.

Ош шаардык архив кызматы 1978-жылы уюшулган. Азыр жалпысынан 22 кызматкер эмгектенет. Аталган жайда 1945-жылдан берки Ош шаарында эмгектенгендердин документтери сакталууда. Ал эми түбөлүктүү сакталуучу иш кагаздар облустук архивде турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.