Шаматов: Кыргызстандын билим берүү сапатын талдаган аналитик жок

Дүйшөн Шаматов Кыргызстандагы билим берүү стандарттары, реформалар жогору тараптан келип, биздин коомго сиңбей жатканына токтолду. Ал кандай реформа болсо да аны талдоо зарылдыгын, аналитикалык топтордун акыл элегинен өтүшү керек деп баса белгиледи.

“Биздеги көйгөйлөрдүн бири ошол изилдөөлөрдүн алешемдиги, билим сапатын арттыруучу реформалардын жогору тараптан келип, коомчулукка таңулоо катары берилгендиги. Биздин эл аны кабыл алабы же албайбы? Кыргызстандын жагдайына туш келеби? деген суроолордун айланасында ой жүгүртпөй эле, мугалимдерге ушул программанын негизинде иш алып баруусу айтылып калгандыгында. Натыйжада практиктер жакшы түшүнбөй калат да билим берүүдө ал реформа өз жемишин бербейт”,- деди ал.

Профессор Дүйшөн Шаматов аны менен катар билим берүүнү кандай багытта өнүктүрсө боло тургандыгына токтолду. Анын айтымында министрлик билим берүүнүн жаңы методдорун сунуштаар алдында, эксперттер жана практиктердин катышуусунда аналитикалык талкуу уюштурушу керектигин айтты.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.