
Өлкө аймактарында 12-апрелден бери ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен шамал жүрүүдө. Бир катар имараттардын чатырларын учуруп кетип жатат. 13-апрелде Жалал-Абадда 24 үйдүн чатырын алып кетсе, 14-апрелге караган түнү Таласта мектеп менен турак-жайдын шиферин учуруп кетти.
Адам өмүрүнө зыян келген учурлар жок.
Учурда адистер тактоо иштерин жүргүзүшүп, ондоо аракеттерин көрүп жатышат. Аныктоо жумуштары бүткөн соң келтирилген чыгымдар анык болот.
- 14.04.2017