Шайлоо жарышы: Кайсы партиялар БШКга табыштамаларын беришти?

2020-жылдын 20-декабарында өтө турган парламенттик шайлоого каттоо уланууда. Партиялардан шайлоого катышуу боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу 25-октябрда соңуна чыгарын БШКдан белгилешти.

Шайлоого ат салыша турган партиялардын арасынан “Жашылдар” партиясы алгачкылардан болуп БШКга шайлоого катышуу боюнча табыштамасын берген.

Мындан тышкары “Атам Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Билим ордосу” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары табыштамаларын беришти.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК тарабынан 6-октябрда жокко чыгарылган.  VII чакырылыштагы депутаттарды шайлоо таза өтпөгөнүнө нааразы болгон оппозициячыл партиялар 5-октябрда борбордук аянтка тынчтык митингине чыгышып, шайлоонун жыйынтыктарын тааныбастыгын билдиришкен.

Мындан улам, 21-октябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2020-жылдын 20-декабрына белгиленгендигин жарыялады. Маалым болгондой, күтүлүп жаткан добуш берүү жаңы эрежелер астында өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.