
Бүгүн, 1-ноябрда Сербияда 23 жашка чейинкилер арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталат.
Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, мелдеш 7-ноябрга чейин уланат.
Чемпионаттын алгачкы күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан: Акыйкат Кулжигит уулу (55 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) килем үстүнө чыгат.
- 01.11.2021