Сауд Аравияда биологиялык жактан эң таза шаар курулат. Сүрөт

Январь айында Сауд Аравиясынын ханзаадасы өлкөнүн түндүгүндө, Табук провинциясында пайда боло турган шаар долбоорун тартуулады. Бул иш-чараны Apple компаниясынын презентацияларына салыштырса болот жана шаардын өзү эбегейсиз чоң болот.

Эл аралык маалымат булагында жазылгандай, The Line (“Line”) долбоору  ушул жылы ишке ашырылат. 

Ал дүйнөдөгү экологиялык эң таза мегаполиске айланат. Узундугу 170 чакырымга созулган шаар кандайдыр бир “кырка” сыяктуу көрүнөт. Бардык инфраструктуралар жана транспорт жер астынан өтөт, ал эми үстүнөн турак жайлар, жумушчу жайлар жана тейлөө жана көңүл ачуу үчүн керектүү нерселер гана болот.

Шаарды дээрлик бардык жагын жөө басып өтүүгө болоору айтылат. Эгерде тургундар андан ары кетүүнү каалашса, анда жогорку ылдамдыктагы жер астындагы унаалардан өтө алышат.

Планга ылайык, эң төмөнкү кабат транспорт артерияларына, коммуникация, канализация жана суу менен камсыз кылуу үчүн берилет. Кийинки деңгээл – жердин астында – тейлөө бөлүмдөрү үчүн орундар жайгаштырылат. Жаңы шаар бардык энергияны калыбына келүүчү булактардан алат. Бул дүйнөдөгү биринчи көмүртек менен иштеген  шаар болот. Башка сөз менен айтканда, инфраструктура көмүр кычкыл газын камсыздоо үчүн сарпталгандан көбүрөөк сиңирет. Эң үстүңкү кабат жаратылышка толот.

The Line жалпы узундугу болжол менен 170 чакырымды түзөт. Долбоорго болжол менен 200 миллиард доллар инвестиция пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.