“Сары-Көл сырлары” интерактивдүү оюну жарыкка чыкты

Орто мектеп окуучулары үчүн “Сары-Көл сырлары” интерактивдүү оюнунун презентациясы өттү. Оюн коомдогу “балдардын никеси” (детский брак) көйгөйүн козгойт.

“Сары-Көл сырлары” оюн-сериалы тууралуу аудиоподкастты бул жактан угуңуз:

Оюндун презентациясы саат 10:00до долбоордун жетекчилеринин оюн менен тааныштыруусунан башталып, “балдар никеси” көйгөйү айланасында катышуучулар менен диспуттар, суроо-жооптор жана ошондой эле атайын конок белгилүү ырчы, жаш активист, “Кыз кадыры” ырын ырдап келген Айым Айылчиева менен баарлашуу жана анын аткаруусундагы ырларды угуу менен уланды.

Иш-чара өтүүчү мекемеде уюштуруучулар тарабынан катышуучуларды кызыктырып көңүлүн бура турчу атайын замандын талаптарына жараша “тик-ток”, “фотобудка”, “окуялардын бөлмөсү” сыяктуу интерактивдүү оюн бөлмөлөрдү да даярдалган. Ошондой эле катышуучулар өз жаатында ийгиликкке жетишкен чыгаан аялдар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бере турган “телефон будкасы” орнотулган.

Оюн туралуу кенен маалымат

Уюлдук смартфондор үчүн чыгарылган бул интерактивдүү оюн окуялар айланасындагы  детектив жанрында жасалган. Окуянын жүрүшү Кыргызстандын түштүк аймагындагы тоолуу айылда өтөт. Оюн ойной турчу адам, башкы каарман үчүн чечим чыгарып, окуянын жүрүшүн өзүнүн тандоолору, чечимдери менен өзгөртө алат.

Оюндун негизги максаты: жашы жете электе никеге туруунун кесепеттери, билим алуунун маанилүүлүгү, кыздардын потенциалын ачуу жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү жөнүндө маалымат берүү.

“Айкын багыт” коомдук фондунун директору: Мунара Бекназарова 

 Кыргызстанда жасалган Кластердик изилдөөлөрдөен алынган маалыматтарга карата аялдардын  13,3%  18 жашка чыга электе турмушка чыгышкан. Жашы жете элек  өспүрүмдөрдүн никеге туруусу мыйзамсыз жана өтө зыяндуу экени көп айтылып келет. Бул көйгөйдүн себептери жана терс кесепеттери да белгилүү, булардын бири кыздардын укуктарынын сакталбоосу жана социалдык жактан корголбогондугу, жаш кезиндеги кош бойлуулук жана   төрөт учурундагы кыйынчылыктар. Булар баарыбызга эле маалым, бирок эч кандай чара көрүлбөй келет тилекке каршы. Оюндагы башкы каарман кыздын жеке окуясы аркылуу “балдар никеси” маселесин көтөрүп жатабыз. Алардын жашоосун, ички дүйнөсүн, мотивациясын, кыялын, коркуу сезимин көрсөтөбүз. Жана биз бир нерсени  туура же туура эмес деп айтуудан алыспыз, тескерисинче, турмуштук оор кырдаалдардан кантип чыгуу керектигин, бири-бирибизди колдоо, үй-бүлөдө баарлашуу, психологиялык зомбулуктан коргонуу, өз шыгыбызды, жумуштук кесибибизди табуу, ошондой эле үй-бүлөдө  жана коомдо өз позициябызды конфликтсиз кантип айтышыбыз керектиги тууралуу сунуштарыбыз бар.

Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү:

Нике курагына жетпей никеге туруу кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кескин чектейт жана узак мөөнөттүү келечекте алардын жашоосуна терс таасирин тийгизет. Кыздардын билим алуусуна инвестиция кылуу жана алардын өзүн-өзү коомджо табуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө шарт түзөт деп эсептейбиз.

Сюжети боюнча, «Сары-Көл сырлары» оюну – бул өспүрүмдөрдүн детективи: кичинекей айылда эки жигит, эки кыз жана алардын досу Күнсары деген каймана аттуу сарала ат тоо көлүнүн айланасында болуп жаткан сырдуу окуяларды иликтешет. Балдарга сырды ачып, туулуп-өскөн айылын кырсыктан сактап калуу үчүн  айылдын чоң  тургундары ойлонгусу да келбеген суроолорго жооп табууга туура келет.

Мария Середа, оюндун башкы сценаристи:

Биздин оюндун сюжети балдардын детективдеринен жана өспүрүмдөрдүн сериалдарынан алынган. Мында укмуштуу окуяларда болушу керек болгон нерселердин баары бар: түнкү оттор, сырдуу тоо жолдору, байыркы уламыштар, ниети жаман терс каармандардын бетин ачуу, күтүлбөгөн коркунучтуу окуялар, чыныгы достук жана сүйүү. Ошол эле учурда оюнда өтө олуттуу жана кыйын темалар козголгон мисалы – аялдардын укуктары, тандоо эркиндиги, зордук-зомбулук, муундар ортосундагы мамилелер, салттуу коомдо өз ордун табуу маселеси да камтылган.

Бул оюн, фонд жана долбоор үстүндө иштеген топ тарабынан “Чабалекейлер” циклинде ишке ашырылган экинчи оюн долбоору.Долбоордун биринчи ала качуу көйгөйүнө арналган  “Бишкекте жаз” оюну бир жыл мурун интернет желесине чыккан. Ошол күндөн бери аны Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдөн 150 миңден ашык адам ойногон.

“Сары-Көл сырлары” үчүн иллюстрацияларды белгилүү сүрөтчүлөр Татьяна Зеленская менен Татьяна Дедикова тартышкан.

Сүрөтчү Татьяна Зеленская:

Бул оюнда ачык, жарык түстөр, асман жана тоолор көп. Долбоордун экинчи сүрөтчүсү Татьяна Дедикова экөөбүз чыныгы жайкы окуянын маанайын жаратып, Ала-Тоонун кооздугун, түштүк айылдарынын атмосферасын так сүрөттөөнү каалап, аны жеткирүүгө умтулдук. Оюндун каармандары да абдан жандуу, биз каармандарыбыздын образын түзүү үчүн, дээрлик, жүздөгөн чыныгы адамдардын сүрөттөрүн карап чыктык ».

Оюнду Play Market жана AppStore шилтемелеринен  көчүрүп алса болот. Учурда  12 бөлүмдүн биринчи бөлүмү даяр. Жаңы бөлүмдөр болжол менен ар 10 күн сайын чыгарылып турат. Оюндун үстүндө эл аралык кесипкөйлөрдүн чоң командасы иштеп жатат, алардын көпчүлүгү ыктыярдуу негизде иштешет. Долбоордун жаңылыктарын анын Instagram баракчасынан көрө аласыз.

https://instagram.com/vesna_v_bishkeke?utm_medium=copy_link оюндун бааркчасы.

https://instagram.com/openlinekg?utm_medium=copy_link “Айкын багыт” фондунун баракчасы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.