Сарандреа: сот реформалоодогу аткарылуучу иштер көп

Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы 8-августта Кыргызстандагы сот тармагын реформалоо боюнча жарлык чыгарган. Реформаны ишке ашыруу үчүн 49 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөн.  Алар сот тармагына олутуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн алты мыйзам иштеп чыгышты. Жаңы өзгөрүүлөр боюнча кабыл алынган мыйзамдар 2019-жылдан тартып иштеп баштайт.

Учурда реформалоо боюнча түзүлгөн топ сот жаатындагы адистерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жумушчу топко эксперт катары эл аралык уюмдар да көмөктөшүп келет. Алардын бири – Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө” долбоору. Долбоордун укук үстөмдүгү боюнча башкы техникалык кеңешчиси Лючио Валерио Сарандреа сот тармагын реформалоо боюнча кандай жумуштар аткарылып жатканын “Ынтымакка” айтып берди.

Кыргызстандын сот системасындагы реформанын жүрүшүн сиз кандай баалайсыз? Көпчүлүк бул иштерди сынга алып келет. Алардын аргументтери орундуубу?

– Сот тармагындагы реформа процесси өтө татаал, ошондуктан ал бир саатта же бир күңдө бүтчү иш эмес. Бул жааттагы акыркы окуяларды эске алсак, сот тутумун дайыма реформалап жана өркүндөтүп туруш керек, жарандардын улам пайда болуп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу да эң маанилүү иш. Адатта бардык өлкөлөрдө сот тармагын реформалоо эки себептен улам эң татаал процесс катары саналат. Биринчиден, бул процесске бардык бийлик органдарын тартуу зарыл; экинчиден,  бийлик органдары айталы, мыйзамдарды чечмелөөдө көз карандысыз бойдон кала турган сот тутуму сыяктуу бири-бири менен иерархиялык байланышта эмес. Натыйжада чыныгы демократиялык башкаруунун теңдемин камсыздоо механизмин пайда кылган  маанилүү элементтер пайда болот.

– Сот тутумундагы реформалоонун алгачкы жыйынтыктары кандай? Сиз натыйжалуу деп белгилей ала турган жагдайлар барбы?

– Менимче, Кыргызстанда судьяларды тандоо процессине жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууда пайдалуу кадамдар жасалды. Бул боюнча жакында кабыл алынган “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү” мыйзамдын мааниси зор. Бул мыйзам боюнча жарандар кылмыш иштери боюнча гана эмес, жарандык иштер боюнча да бекер юридикалык жардам ала алышат. Бирок бул дагы жетишсиз, алдыда биз баса турган дагы узак жол жатат. Бүтүндөй сот тармагын реформалоо стратегиялык документтердин негизинде, атап айтканда, КР президентинин сот тутумун өркүндөтүү боюнча иш чаралар тууралуу жарлыгы, ошондой эле сот тутумун реформалоо боюнча мамлекеттик программа аркылуу ишке ашат. Бул документтер сот реформасынын түпкү максаттарын жана бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын аткара турган конкреттүү тапшырмаларын аныктап берген. Мындай документтердин мааниси терең. Себеби алар бул процесстердин системалык түрдө ишке ашып жаткандыгынын кепилдиги болуп бере алат. Кыргызстанда бир топ жылдан бери сот тармагында реформа жүрүп жаткандыгына карабай, бир да жолу коомчулук тарабынан бул боюнча комплекстүү мониторинг жасала электигин белгилеп кетээр элем. Кыргызстандагы Улуу Британия элчилигинин финансылык жардамы менен ишке ашып жаткан БУУнун Өнүктүрүү программасынын мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө долбоору жарандык коомчулуктун институттарына ушундай мониторингди ишке ашыруу үчүн техникалык жана эксперттик колдоолорду көрсөттүк. Буга чейин сот тармагындагы реформаларды жүргүзүүдө мамлекеттик кызматтар гана катышып, чечимди алар чыгарып келишкен. Биздин катышуубузда жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 20дан ашуун бей өкмөт өкүлдөрү катышып, бирок көйгөйлөр көп экенин белгилешти. Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү сунуштарын беришкен.

Сот бийлиги канткенде бирөөнүн буйругун аткарбай, чыныгы көз карандысыздыкка жете алат?

– Сот бийлиги чындап көз карандысыз болбошу үчүн Кыргызстанда да, башка өлкөлөрдө да көп иштерди жасаш керек. Мен биринчи кезекте бул тармактын финансылык каражатын туруктуу көбөйтүүдөн, соттордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуудан жана сот тутумунун кызматкерлеринин потенциалын көтөрүүдөн ишти баштайт элем. Бирок, сот тармагынын көз карандысыздыгы өзүнчө көздөн учкан максат эмес, көз карандысыздык биринчи кезекте судьялар мыйзамдарды коркпой жана бирөөлөрдүн таасир көрсөтүүсү жок чечмелей алгандыгында. Калган бардык жагдайларда сот бийлиги көз каранды жана башка жарандар сыяктуу алар да мыйзам алдында  жооптуу.

Коррупция сотторго элдин ишенбөөчүлүгүн жараткан негизги көрүнүш бойдон калып жатат. Бул тармакты реформалоодо коррупцияны жоюнун кандай жолдору каралган? Мыйзамдарды кабыл алуу менен паракорчулукту жоюп салууга мүмкүн болоору ишеним жарата албайт го дейм.

– Коррупция менен күрөшүү укук коргоо органдарынын гана эмес, ар бир жарандын милдети. Биринчи кезекте коррупциялык көрүнүштү жокко чыгара турган зарыл мыйзамдарды кабыл алуу зарыл, ошондой эле укуктук аң-сезимди жогорулатуу да зор мааниге ээ. Коррупциясыз мамлекет жок, бирок мыйзамдардын калканы пара алуудан жана берүүдөн сактаган жана жарандары мыйзам күчүнө ишенген өлкө гана бекем болуп, өнүгө алат. Буга чейин көп эле жолу коррупция жашоо деңгээлин төмөндөтөөрү далилденген, ошого карабай ал дагы эле бар. Ошон үчүн жарандардын укуктук маданиятын көтөрүүгө аракет кылганыбыз оң. Биздин эксперттик колдоо аркылуу КРнын Юстиция министрлигинин алдында бул боюнча тиешелүү концепция иштелип чыгып, анын ишке ашып жатканында да салымыбыз бар экенин айтпай кое албайбыз.

– Сот тутумун реформалоо боюнча алдыдагы эки жылда дагы кандай иш чаралар бар же кандай мыйзам долбоорлору сунушталат?

– Соттук-укуктук реформалардын этабынын азыркы алкагында БУУнун Өнүктүрүү программасы башка эл аралык уюмдар менен биргеликте прогрессивдүү мыйзамдар топтомун иштеп чыгууда абдан маанилүү эксперттик жана техникалык жардамдарды көрсөттү. Мыйзам долбоорлорунун топтому Жазык, Жазык процессуалдык, Жазык аткаруу, Жарандык  процессуалдык жана Жоруктар боюнча кодекстердин жаңы редакцияларын, ошондой эле “Аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучуларынын макамы жөнүндөгү”, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү”, мындан тышкары судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча жана башка мыйзамдарды камтыйт.  Иш жүзүндө аталган мыйзамдардын бардыгын парламент кабыл алып, президент аларга кол койду. Бул мыйзамдарды ишке киргизүү өлкөнүн сот бийлигине чоң өзгөрүүлөрдү алып келет. Мисалы, пробация (шарттуу жазанын бир түрү) сыяктуу жаңы кызмат ишке кирип, жарандык жана кылмыш иштери боюнча юридикалык бекер жардам менен камсыздоо ишке аша баштайт. Мындай иштер биздин коомдогу аялуу катмар үчүн абдан маанилүү.

Мен кошумчалай кетерим, биздин долбоордун аркасы менен бул мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча жаңы инструмент, тагыраак айтканда, аларды жүзөгө ашыруунун деталдуу иштелген планы пайда болду.  Ишке ашыруу планы конкреттүү мөөнөттөрдү, аткаруучуларды жана кодекстер менен мыйзамдар топтомун өз убагында ишке киргизүүнү камсыздоо үчүн үйрөтүүчү иш чараларды өткөрүүнү көздөйт. Талаптагыдай пландар иштелип чыгып, алар коомчулукка жарыя болду. Азыркы учурда жогоруда айтылган кодекстер менен мыйзамдардын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашуусун координациялоо үчүн атайын кеңеш түзүү аракети жүрүп жатат. Бул иштерди жүзөгө ашыруу планы да ушу координациялык кеңеш тарабынан бекитилет. Мындай пландар абдан маанилүү, себеби иштелип чыккан мыйзамдар кагазда калбай, коомдун өзгөрүүсүнө салым кошуусу керек.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.