Сарай айыл өкмөтүнө тагылган айып далилденген жок

Мындан бир ай мурда нааразы болгон Сарай айылдык кеңешинин депуттаттарынын арызын Ош облустук прокуратурасы карады. Анда Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамсыз жер сатып жатканы, мыйзамсыз курал алып жүргөнү, казына кирешесинин азайып кеткени жана башка бир топ көйгөйлөрдү келтиришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, ал тууралуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат жыйын курду. 

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнө коюлган дооматтар жалган экенин маалымат жыйында айтып чыкты. Анын билдиришинче, айылдык кеңеш депутаттарынын арызын Ош облустук прокуратурасы карап чыгып, коюлган айыпты негизсиз деп тапты.  Тургунбаев кошумчалагандай, мыйзамсыз сатылып кеткен жерлер мурдагы айыл өкмөттүн тушунда болгон. Комиссиянын жыйынтыгы азыркы Замирбек Тургунбаевдин жетекчилигинде жер тилкеси мыйзамсыз сатылган эмес деп аныкташты. Сөз болуп жаткан 39 гектар сугат жер ошол кездеги башчынын туугандарына берилип кеткен экен.

Маалыматка караганда ал жерлер азыркы айыл өкмөтүнүн аракети менен кайра мамлекеттин менчигине кайтарылган. Андан сырткары нааразы болгон депутаттар айыл өкмөттүн киреси түшүп кеткенин айтышкан. Азыркы айыл өкмөт болсо тескерисинче  70 миллион сом 120 миллион сомго көтөрүлгөнүн билдирди. Айылдык депутаттар териштирүү иши кагаз түрүндө эле болуп калганын, эсеп палатасы оңдоп текшерүү керектигин айтышты.

Сарай айылдык кеңешинин депутаттары тершерүү комиссиясынын берген маалыматына ишенишпейт. Айылдык кеңеште 31 депутат болсо, алардын 24 ү азыркы айыл өкмөттөгү иш аракеттерге дагы да нааразы. Алардын билдиришинче айыл өкмөттө  3 жылдан бери алгылыктуу жылыш болгон эмес.

Ош облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү текшерүүдө эч кандай мыйзам бузуулар далилденбегенин ырастады. Ошентсе да, Сарай айылдык кеңешинин депутаттары президентке, башкы прокуратурага, эсеп палатасына жана башка тийиштүү тараптарга кайрадан кайрылуу жасашмак болуп турушат.

Видео: Нурсултан Абдыкерим уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.