
Өкмөт башчы Сапар Исаков Санжар Муканбетовду вице-премьер-министр кызматына сунуштады.
Исаковдун сунушу бүгүн-эртең Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде талкууланып, 10-январда жалпы жыйында каралаарын парламенттен кабарлашты.
Санжар Муканбетов учурда Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектейт.
Булак: Азаттык.
- 08.01.2018