Санкт-Петербургдагы жардырууну борбор азиялык жанкечти жасашы мүмкүн

Санкт-Петербург метросундагы кечээ болгон жардырууну борбор азиялык жанкечти жасашы мүмкүн. Бул тууралуу орус маалымат булактары РФтин укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жарыялады.

“Интерфакс” жазгандай, эркек киши өрт өчүрүүчү каражаттын ичине  салынган бомбаны “Площадь восстания” метросуна калтырган, бирок ал жарылбай калган. Жарылуучу зат кийин залалсыздандырылды.

“Жанкечти метро вагонуна отуруп, “Сенная площадь” жана “Технологический институт” метролорунун ортосунда бомбаны жарган”, -деп билдиришкен укук коргоо органдары.

РИА Новости билдиргендей, жарылуунун очогунан борбор азиялык кишинин сөөгү табылды, бирок аны жанкечти деп атоого али эрте.

Бул маалыматтар алдын ала божомолдор экенин интернет булактары баса белгилешти.

Ал ортодо ТАСС агенттиги Борбор Азия тургундары болгон аял менен эркек кишинин бул окуяга катыштыгы бар-жогун тергөө текшерип жатканын жазды.

“Алар видеобайкагычтардан алынган материалдар боюнча дароо көзгө илинген. Шектүүлөрдүн өздүгү такталууда”, – деди агенттиктин булагы.

Интернет сайттарынын айрымдары жанкечти кыргызстандык экенин да жарыялады. Бирок бул тактала элек.

Жардыруудан каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин, жабыркагандардын тизмеси текшерилип жатканын билдирди. Бирок маалыматты тактоо уланууда.

Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургда биздин убакыт боюнча 17:40та метродо жардыруу болгон. Андан 11 адам мерт кетип, 51 адам ооруканага жаткырылды.

Сүрөттөр: lenta.ru

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.