Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүүнүн Оштогу ата-энеси сурак берип жатат

Шектүүнүн ата-энеси УКМКнын Оштогу башкармалыгына  түндө жеткирилген. Бул тууралуу 24.kg сайтына Жалиловдордун жакындары билдиришти.

Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген Акбаржон Жалиловдун жакындары Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичи районунда жашашат.

“Акбаржон ата-энеси менен чогуу 2011-жылы Орусияга кеткен. Кийин ата-энеси мекенине кайткан, а Акбаржон Жалилов болсо акча табуу үчүн Санкт-Петербургда калган эле. 3-мартта ал Ошко келип кеткен”, -дешти туугандары.

Эске салсак, Санкт-Петербургдагы жардырууну жасаган жанкечти РФ жарандыгын алган кыргызстандык экенин тастыктаган.

Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургда биздин убакыт боюнча 17:40та метродо жардыруу болгон. Андан 11 адам мерт кетип, 51 адам ооруканага жаткырылды. Терракт үнүн жоопкерчиликти азыр эч ким мойнуна ала элек. ММКлар жардырууну борбор азиялык жанкечти жасашы мүмкүн экенин кабалап келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.