
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. КРнын Санкт-Петербургдагы элчилигинин кызматкерлери тактоо иштерин улантууда.
“РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин такталган маалыматтары боюнча жардыруудан каза тапкандардын катарында кыргызстандыктар жок”, – дешти ТИМден.
Жабыркагандардын расмий тизмеси жакын арада такталат.
Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургда биздин убакыт боюнча 17:40та метродо жардыруу болгон. Андан 11 адам мерт кетип, 51 адам ооруканага жаткырылды. Терракт үнүн жоопкерчиликти азыр эч ким мойнуна ала элек. Бирок ММКлар жардырууну борбор азиялык жанкечти жасашы мүмкүн экенин маалымдады.
- 04.04.2017