Санкт-Петербургдагы жардыруу боюнча УКМК менен ТИМ үн катты

Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов бир катар ММКлар жазып жаткандай, Кыргызстандын жараны деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.ТИМдин маалыматында Жалилов 1995-жылдын 1-апрелинде Ош шаарында төрөлгөн, толук эмес орто билимдүү.

“Жалилов Кыргыз Республикасынын паспортун эч качан алган эмес, анткени 2011-жылы 16 жашка толоору менен Орусия жараны болгон атасынын арызы боюнча РФ жарандыгын алган жана ошондон бери Орусияда жашаган”, -деп кошумчалашты ТИМден.

Ал ортодо Кыргызстандын тышкы иштери министри Эрлан Абдылдаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен болгон жолугушууда терракт курмандыктарынын жакындарына көңүл айтты.

“Террорчулукту эч нерсе актай албайт, анын улуту же чек арасы жок, биргелешкен аракет менен гана биз аны жеңе алабыз”, – деди Абдылдаев.

Лавров Абдылдаевдин сөзүн колдоп, террорчулук менен террористтердин улуту жок. Адамдын түпкү теги, диний ишенимдери менен байланыш издөөгө жол берилиш керек эмес деди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы болсо ММКлар туура эмес маалыматтарды жарыялап  жатканын билдирди.

“Росбалт” агенттиги Санкт-Петербургдагы жардырууну кыргызстандык адам жасаганын КРнын УКМКсы тастыктады деп жазган маалыматы туура эмес дешти алар.

УКМК бул окуяны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы иликтеп, Кыргызстандын тиешелүү кызматтары аларга жардам гана көрсөтүп жатканын тактап өттү. Атайын кызмат жардырууну иликтөө, шектүүнү аныктоо РФтин укук коргоо органдарынын компетенциясындагы иш экенин белгиледи.

3-апрелде Санкт-Петербургда биздин убакыт боюнча 17:40та метродо жардыруу болгон. Андан 11 адам мерт кетип, 51 адам ооруканага жаткырылды. Терракт үнүн жоопкерчиликти азыр эч ким мойнуна ала элек. ММКлар алгач жардырууну борбор азиялык жанкечти жасашы мүмкүн экенин кабарлап келишкен, кийин шектүү Кыргызстанда төрөлгөн РФ жараны экени белгилүү болду. Интернет булактарында такталбай жарыяланган бул маалыматты Орусиянын атайын кызматтары кечээ кечке жуук ырасташты. Ошентип, метродогу террактка Акбаржан Жалилов шектүү деп аныкталды.

Акбаржан Жалиловдун атасы Орусиянын, энеси Кыргызстандын жарандары. Акыркы кезде Акбаржон Санкт-Петербургда өзү калып, иштеп жаткан, ата-энеси мекенинде болчу. Кыргызстандагы Жалиловдорду УКМКнын Оштогу башкармалыгы кечээ суракка чакырган, бүгүн таң эрте болсо алар Орусияга учуп кетишкени маалым болду.

Жалиловдордун Ош шаарынын Амир-Темур кичи районундагы кошуналары жардырууга шектүү Акбаржон Жалиловду мектепте мыкты окуган, намаз окуган менен заманбап жашоо образын алып барган жигит катары сыпаттап жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.