Санкт-Петербургда аялын сабоого шектелген кыргыз жараны изделүүдө

Санкт-Петербургда аялын сабоого шектелген кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын  маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, окуя түгөйлөр жашаган батирде болгон. Анын кесепетинен 29 жаштагы келин бир нече жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда абалы оор экендиги жазылган.

” Дарыгерлер аял курсагынан жабык жаракат алганын, ички органдары дагы жабыркаганын аныкташкан”,- деп жазылат маалыматта.

Ал эми жабырлануучунун күйөөсү качып кетүүгө үлгүргөндүгү маалымдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.