Санкт-Петербург: жардырууга Кыргызстанда төрөлгөн РФ жараны шектелип жатат

Ал Ош облусунда төрөлгөн 23 жаштагы Акбаржон Жалилов экенин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы тастыктады. Бирок шектүү азыркы кезде Россия Федерациясынын жараны болгон.

“Алдын ала маалыматтар боюнча  ал 1995-жылдын 1-апрелинде төрөлгөн. Ал РФтин жарандыгын качан алганы белгисиз. Жалиловдун “Ислам мамлекетине” тиешеси бар-жогу да азырынча тактала элек”, – дешти УКМКдан.

Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургда биздин убакыт боюнча 17:40та метродо жардыруу болгон. Андан 11 адам мерт кетип, 51 адам ооруканага жаткырылды. Терракт үнүн жоопкерчиликти азыр эч ким мойнуна ала элек. ММКлар жардырууну борбор азиялык жанкечти жасашы мүмкүн экенин кабалап келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.