Салык кызматы онлайн патент берүүнү баштады

1-октябрдан тартып онлайн патентти республика боюнча сатып алууга болот. Мамлекеттик салык кызматы 1- октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштады. Бул тууралуу аталган кызмат билдирүү таратты.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык тескеп-башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, жол-жобонун жеткиликтүүлүгү жана жагымдуулугу ишкерлердин камтылышын кеңейтет. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен  же үйдөн чыкпай туруп, сутканын ар кайсы учурунда интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патентти терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн өзү тейлөө терминалдары жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-июлунан тартып, МСКнын расмий баракчасы аркылуу Бишкек жана Ош шаарларында патентти электрондук түрдө берүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылган. Ал эми 1-августтан 30-сентябрга чейин бул шаарларда элетрондук патенттер практикага өтүүнүн алкагында берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.