Салянова: согушта курман болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга алып келүү керек

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин кезектеги жыйынында “Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында курман болгонн жоокерлердин сөөктөрүн  Кыргызстан жерине кайра көмүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору каралды.

Депутат Аида Салянова белгилегендей, Улуу Ата мекендик согушка 360 миӊден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан, бирок аман-эсен кайтып келгендерден тышкары канчоо согуш талаасында каза болуп, канчасы дайынсыз жоголгондугу тууралуу так маалымат жок.

“Аталган токтомдо согушта каза болгондор жана дайынсыз жоголгондордун маалымат базасын түзүп, маркумдардын көмүлгөн жерин аныктоо жана алардын сөөктөрүн Кыргызстанга алып келүү чараларын иликтеп чыгуу боюнча Өкмөткө тапшырма берүү маселеси каралган”, – деди Салянова.

Комитет мүчөлөрү бул жакшы демилге болгону менен, аны ишке ашыруу өтө татаал экенин белгилеп, токтомдун каржылык жана башка маселелерин карап чыгуу талабы менен кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүштү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.