Саламаттык сактоо министрлигине өлкөгө эмделгендер кирген учурда милдеттүү ПЧРди алып салуу тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча Штабдын кеңешмесин өткөрдү.

Эдил Байсалов кеңешменин катышуучуларына COVID-19 инфекциясынан тышкары, элдин жана мамлекеттик ресурстарын багыттоону талап кылган бир катар маанилүү милдеттер турганын эскертти.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине 11-февральдан тарта колдонуудагы алгоритмдерге жана инструкцияларга Кыргызстандын аймагына кирген учурда COVID-19 чалдыккан оорулуулар менен байланышта болгон жактарды изоляциялоону, ошондой эле эмделген жарандардан ПЧР-тестти милдеттүү талап кылууну алып салуу тапшырылды.

Натыйжада, өлкөгө кирүүдө ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүү керек болот.

«Жакынкы айларда биз калкты эмдөө боюнча активдүү иш-чараларды улантабыз. Биз кыраакы болуп, кырдаалдын начарлашы ыктымалдыгына, же жаңы штаммдардын пайда болушуна даяр болушубуз керек. Биздин өлкө мурда киргизилген карантиндик чараларды кайра кароону создуктурбайт. Биз аймактагы жана дүйнө жүзү боюнча коронавирустук чектөөлөрдүн тез арада алынышына кызыкдарбыз», – деп билдирди Эдил Байсалов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.