Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен же көрсөтүлбөгөн. Жалал-Абадда дүкөндөргө рейд эмнени аныктады?

Жалал-Абад шаарындагы соода түйүндөрүндө сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сапаты жана мөөнөтү текшерилди.  Мониторингдин алкагында айрым дүкөндөрдө азыктардын сактоо мөөнөтү бүткөндүгүнө карабай, сатыкта турганы аныкталды.

Мониторингди антимонополияга каршы күрөшүү агенттигинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү облустук санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгы менен биргеликте уюштурду. Адистер азык-түлүктөрдүн санитардык талапка жооп беребеген жайда сактылып жатканын белгилешти.

Кыдыруунун алкагында бир нече дүкөндөрдөн  мөөнөтү өткөн же сактоо мөөнөтү жазылбаган товарлар сатылып жаткандыгы аныкталды. Мындай соода жайлардын ээсине облустук монополияга каршы кызматы тарабынан эскертүү берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.