
Президент Садыр Жапаровдун 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Росия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты.
Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү.
Иш сапарын жыйынтыктап, президент бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарына келди.

- 29.12.2021