Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду куттуктады

Президент Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин Сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго чын ден соолук, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган Түркмөнстан элине бакубаттык жана өнүгүү каалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.