Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады

Абакта отурган саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Анын жазган өтүнүчүн адвокат Шарабидин Токтосунов жарыялады.

Маалыматка ылайык, президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия ушул жылдын октябрь айында Жапаровдун туугандарын кабыл алып, саясатчы ырайым сураса арызы караларын айтышкан.

“Садыр Жапаровду ырайым берүү боюнча президентке арыз жаздырышканына мына бүгүн туура бир ай болду. Андан бери ар кандай шылтоолор менен президенттин аппараты арызды ары бери түрткүлөп, бюрократия кылып жатышат. Айрымдар президент билбейт, президентке маалымат жеткен жок деп жатышат. Эгер чын эле президентке жете элек болсо, анда мен адвокат катары жарыя кылып коёюн деп чечтим. Соцтүйүндөргө чыкса тез эле жетет эмеспи. Президент өзү айткан: «Текебаев менен Жапаров арыз жазса, мен ырайым менен гана жардам бере алам» деп. Менин билишимче Садыр Нуркожоевичтин туугандарын чакырып, арыз жаздырып келсеңер чыгарабыз дешкен. Садыр Нуркожоевич арыз жазыптыр, эми президенттин жообун күтөлү”, -деп жазды Токтосунов.

Белгилей кетсек, учурда Садыр Жапаровду мыйзамдын негизинде абактан бошотуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылууга өлкө боюнча 200 миңден ашык адам кол койду.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.