Садыр Жапаров: мамлекеттик бюджеттин көлөмү 500 млн долларга жетти

Январь айына карата мамлекеттик бюджеттин көлөмү 500 млн долларды түздү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “ВБ” редакциясы менен маектешүү учурунда билдирди.

Жалпы каражаттын эсебинен 15 млрд сом айыл чарба багытына бөлүнөт. Тагыраагы, февраль айынан баштап дыйкан-фермерле 6 пайыз менен үч жылга чейин “Айылбанк” жана РСК банктары аркылуу насыялар бериле баштайт. Ошондой эле 1,5 миллиард сом үрөн жана жер семирткичкерди сатып алуу үчүн, 1 миллиард сом ирригацияга тармагына берилди.

Мындан тышкары ипотекалык компанияга 5,5 миллиард сом берилет. Компания азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарга 25 жылдык мөөнөт менен бериле баштайт.

“Азыр 500 млн долларыбыз бар. Январь айына 500 млн доллар менен кирүү деген Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Азыр кайсы тармактагы маселени ыкчам чечиш керек болсо, каражатты ошол тармактарга беребиз”,- деди Садыр Жапаров.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.