Жапаров: Эл аралык каттамдарды ачуу Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы сооданын өсүшүнө шарт түзөт

Автомобиль жана темир жол транспорту үчүн жаңы эл аралык каттамдарды ачуу бүгүнкү күндүн талабы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн-режимдеги саммитинде билдирди.

Өлкө башчынын билдирүүсүнө ылайык, транспорт системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы сооданын олуттуу өсүшүнө шарт түзөт.

Мамлекет башчысы мындан тышкары, ишкердик активдүүлүктү колдоо жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары арттыруу үчүн өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруу менен Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз жүк ташууларды камсыздоо өтө маанилүү деп эсептейт.

Ал импортту жана экспортту тоскоолдуксуз ишке ашыруу үчүн «жашыл коридорлордун» эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча механизмдерди улантуу зарылдыгын белгиледи.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.