
Президенттин м,а жана Өкмөт башчы Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кошуш керек деп эсептейт.
Жапаров Баткендеги иш сапарында: «Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген планыбыз бар», – деп билдирди. Ошондой эле ал чек арадагы маселелерди коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү аркылуу чечерин белгиледи.
Садыр Жапаров Баткен облусуна 2-ноябрда барып, Бакай айылына жакын Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулуш иштерин көрүп чыкты.
Буга чейин Өкмөт башчынын өлкөнүн түштүгүндө 2-4-ноябрь күндөрү болоору кабарланган.
- 02.11.2020