
Президент Садыр Жапаров “Россия 1” телеканалына берген маегинде Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комментарий берди.
Жапаров Кыргызстан менен Орусия ар дайым шериктеш жана экономикалык өнөктөш болуп кала берерин айтты.
“Орусия үчүн, Владимир Владимирович Путин үчүн Кыргызстандын тагдыры кайдыгер эмес. Биз түбөлүкө шериктешпиз жана соода-экономикалык өнөктөштөрбүз, ошондуктан биринчи кезекте биз Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүн талкууладык. Жалпысынан жолугушуубуздун жыйынтыгына абдан кубандым», – деди ал.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Орусиянын Сочи шаарына иш сапары менен барган.
автор: DZh
- 31.05.2021