Сүрөткө түшүп жатып жардан кулап кеткен киши каза болду

Өзүнүн туулган күнүн майрамдап жаткан Түркиянын 38 жаштагы жараны  20 метр  бийиктиктен кулап каза болду. Бул жөнүндө чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 8 баланын атасы Халил Даа кырсык болгондо Түркиянын Шанлыурфа шаарындагы Урфа сепилинде туулган күнүн белгилеп жаткан.

Сүрөткө түшүү үчүн дөңсөөдөн секирип, бирок өзүн кармай албай андан ары жардан учуп кеткен. Маркумду камерага алып жаткан досу болгон окуяны видеого тартып калган.

Оор жаракаттан улам тез жардам чакырылып, бирок Халил Даа ооруканадан каза болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.