Өсүмдүк май менен кумшекерге туруктуу баа белгиленди

Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы кум шекер жана өсүмдүк майына туруктуу баа белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо максатында кумшекердин баасы 1 килограммы үчүн 65 сом, өсүмдүк майынын 1 литри – 124,5 сом деп белгиленди.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөнүн соода түйүндөрүнө 1 млн килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы таратылып жатканын айткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.