Сүлүктүнүн уулдары элин азык-түлүк менен камсыздап жатышат

Баткен облусунун сүлүктү шаарынын жеке ишкерлери шаардагы колунда жок үй-бүлөлөргө жардам берип, тамак-аш менен камсыздап жатышат. Бул тууралуу өлкөнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган шаардын тургуну, жеке ишкер Нуридин Байытов андагы 44 үй-бүлөгө азык-түлүк менен жардам берген.

“Байытов муктаж болгон жарандарга 1 мүшөктөн ун, 5 литрден май жана 5 килограммдан макорон азыгын таратты. Таратылган жардамдын жалпы суммасы 100 миң сомду түзгөн”,-деп маалымдалды Баткен облусунан.

Ошол эле шаардын дагы бир тургуну, ишкер Тыныбек Кучаров да 20 миң сомдук азык-түлүк продукцияларын 15 үй-бүлөгө таратып бергени маалым болду.

Ысык-Көлдө карантиндин эрежелерин сактабаган 8 адам обсервацияга жаткырылды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.