
Кечээ, 25-мартта Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтанын биринен 33 жаштагы жаран газга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, ӨКМге “Раимбердиев” шахтасы урап ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
“Жерине ӨКМнын мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барганда шахта урабай эле ичинде 1988-жылы туулган эркек киши газга ууланып, аны бирге иштеген жарандар ооруканага алып барышкандыгы аныкталган. Учурда жарандын абалы туруктуу”, – деп айтылды маалыматта.
- 26.03.2021