
Орусияда 12 жашар кызды өлтүрдү деп айыпталган 21 жаштагы жаран 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Орусиянын “Московский комсомолец” басылмасы жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, окуя мындан 2 жыл мурун Москва шаарында катталып, анда шектүү кыргызстандык кыз жана анын туугандары менен батирде чогуу жашап жүргөн. Сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткен шектүү үйүндө эч ким жок кезде келип, сүйүктүүсүнүн 12 жаштагы сиңдисине бычак саят.
Кансырап жаткан кызды ваннага таштап, сууну агызып коет да, үйдөгү жаңы телефонду алып кетип калат. Ошол эле күнү телефонду 8 миң рублга сатып, акчасына Бишкекке билет алып кетип жаткан жеринен колго түшкөн.
Кылмышка шектүү алгачкы көрөтмөсүндө эле күнөөсүн моюнуна алып, мындай кадамга сүйгөн кызы башка менен сүйлөшүп кеткендигинен улам баргандыгын, ал дагы жүрөгү ооруп кыйналышын каалаарын айткан.
- 17.01.2018