Россиядан Кыргызстанга дан ташуунун көлөмүн арттыруу маселеси каралды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Бириккен дан компаниясы» АК башкы директору Дмитрий Сергеев менен Россия Федерациясынан Кыргызстанга дан жеткирүү маселесин талкуулады.

Тараптар жолугушууда дан ташуулардын көлөмүн жогорулатуу жана Кыргызстанда «Бириккен дан компаниясы» АК филиалынын ишине көмөк көрстөтүү боюнча биргелешкен кадамдар боюнча пикир алышты.

Белгилесек, «Бириккен дан компаниясы» АК  – дүйнөлүк рынокто россиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору.

Аталган компания Россиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.