Россияда кыргызстандык 21 жарандын эмгек акысы төлөнбөй жүргөн

Россияда “Профит Сервис Центр” ЖЧКсы Кыргызстандын 21 жаранынын эмгек акысын төлөбөй жүргөн.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 13-октябрында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин КР жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын 21 жаранынан эмгек акысы төлөнбөй жаткандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

“Бул маселе боюнча консулдук бөлүмдүн кызматкеринин “Профит Сервис Центр” ЖЧКсынын өкүлү менен жолугушуусу уюштурулуп, жыйынтыгында бардык жарандарга 2 миллион 520 миң рубль өлчөмүндө эмгек акылары төлөнүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.