
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусияда таанылбайт Орусиянын “Жол коопсуздугу” боюнча мыйзамынын өзгөртүлүшү көпчүлүктү тынчсыздантып жатат.
Ушул жылдын июнь айында күчүнө кире турган мыйзам боюнча Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүктөрү менен Орусиянын аймагында жүк же адам ташып иштегенге тыюу салынат.
Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы тактап өткөндөй, КРнын эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүгү менен Орусияда жеңил унаалар менен мурдагыдай эле жүрө беришет. Болгону оор жүкташуучу унаа же коомдук транспорт айдагандар РФтин айдоочулук күбөлүгүн алышы керек болот.
- 25.04.2017