
Орусия президенти Владимир Путин 23-декабрдагы маалымат жыйыны учурунда Казакстанды орус тилинде сүйлөгөн эл деп атады. Ал Казакстан Москванын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, орус тилин колдогону үчүн коңшу мамлекеттин бийлигине ыраазычылык билдирди.
– Бизде өтө терең гуманитардык байланыш бар. Орус тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кылдат көңүл бөлгөнү үчүн Казакстан жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Казакстанда канча киши орус тилин үйрөнүп жатканын өзүңөр билесиңер. Бул – сөздүн толук маанисинде орус тилинде сүйлөгөн эл. Орус тилинде окуткан мектептердин, жогорку окуу жайлардын филиалдарынын саны артууда, – деди Путин.
Казакстанда көп сандагы орус диаспорасы жашайт: орустар – Казакстанда саны боюнча экинчи этникалык топ (калктын 18 пайызын же 3,5 миллион кишини түзөт). Орустар көбүнчө түндүк, батыш жана чыгыш аймактарда жашайт.
Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин Казакстанда “украин сценарийи” кайталанбайбы деген кооптонуулар күчөгөн. Былтыр декабрда Мамдуманын бир нече депутаты Түндүк Казакстан Орусиянын белеги экенин айткан.
- 24.12.2021