Президенттин аппараттына сот, укук коргоо органдарына көп арызданышат

2021-жылдын январь айында президенттин аппаратына 451 адамдан кайрылуу түштү. Аппараттын басма сөз кызматы анын 239у (63,7%) көзөмөлгө алынып, 37си аткарылганын (15,5%), 202 жарандын кайрылуулусу (84,5%) каралып жатканын кабарлады.

Эң көп арыз-дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан келди – 146 (38,2%). Ал эми, Чүй облусунан – 65 (17,0%), Ош облусунан жана Ош шаарынын жашоочуларынан – 39 (10,2%), Жалал-Абаддан – 56 (14,7%), Ысык-Көлдөн – 31 (8,1%) калган аймактардан 10-13төн кайрылуу түштү.

149 кайрылуу (39,0%) соттордун жана укук коргоо органдарынын иштерине туура келет. Мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 57 (14,9%), саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 24 (6,3%), турак жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 20 (5,2%) арыз бар.

Калгандары эмгек акы, пенсия, жөлөк пул жана насыяларды жоюу, мөөнөтүн узартуу маселелерине тиешелүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.