Судьялык кызматка сунушталган 19 талапкердин үчөөсү сынактан өткөн жок. Тизме

Президент Сооронбай Жээнбековдун атына Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан  аймактардагы судьяларды дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Анда — Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторуна 19 талапкер сунушталган.

2020-жылдын 17-апрелинде Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөрүп, маэктешүүнүн жыйынтыгын жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент судьялык кызматка 16 талапкерге макулдугун берген.

Ал эми калган 3 талапкер коюлган талаптарга жооп бербегендиктен, алар тууралуу материалдар Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берген.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча КРнын Президенти тарабынан Жарлыктар чыгарылды.

Биринчи Жарлык менен тандалып алынган 16 талапкер КРнын Конституциясында белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар төмөнкү райондор аралык сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Чүй облусуна:

Асанов Эрлан Джекшенбекович;

Курманов Ашырбек Такишович;

Осмонова Шааркүл Келдибековна;

Султаналиев Нурлан Туруспекович;

— Ош облусуна:

Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;

— Ысык-Көл облусуна:

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;

Тагаев Мелис Муктарович;

— Баткен облусуна:

Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;

Туленбаев Таирбек Абдумаликович;

— Талас облусуна:

Ибраимов Темирбек Маданбекович;

Нартаев Нурман Канатбекович;

— Нарын облусуна:

Чагалдакова Махабат Бекболотовна;

— Бишкек шаарына:

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич;

Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;

Эгембердиева Анар Раимжановна;

Эшалиев Азис Маратович.

Аталган Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.