
Президент Садыр Жапаров эртең, 27-январда, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги “Индия – Борбор Азия” Диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат.
Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия менен Индиянын мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.
Саммитке ошондой эле Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өлкө башчылары катышат.
2022-жылы Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленет.
- 26.01.2022