
Президент Садыр Жапаров эртең, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) мамлекет башчыларынын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат.
Кытай тараптан демилгеленген “Борбордук Азиянын мамлекеттери – Кытай” онлайн-саммитине КЭР Төрагасы, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын , Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын Президенттери катышат.
Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри, ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.
Онлайн-саммиттин жыйынтыгында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.
Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган.
1992-жылдын 5-январында Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлган.
- 24.01.2022