
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгону айтылган.
Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү кызматтарын ээлеген адамдар жаңы өкмөттүн курамы түзүлмөйүнчө милдеттерин аткарып турушат. Жарлык кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.
Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алган. Учурда премьер-министрлик кызматка үч талапкердин аттары аталууда.
- 19.04.2018