Президент мугалим жана врачтардын айлыктарын көбөйтөөрүн айтты

Бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин жана врачтардын айлыктарын көбөйтөөрүн баса белгиледи.

“Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу. 2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат”, – деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, айлыктарды көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керек.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.