Президент өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан айымдарды сыйлады. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Аялдардын эл аралык күнүн утурлай өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар кыл кесиптин өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Жапаров жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырдыкты көрсөткөн өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.

Аны менен бирге Мамлекет башчысы ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалады.

Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөнүн урматына жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына Президенттин энчилүү кол сааттары тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.