Президент кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Мындан жыйырма төрт жыл мурда, 1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылган. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо текстинде жазылды.

Бирок, андан кийинки 20 жыл ичинде Башмыйзам авторитардык – үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадырын кетирген.
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Башмыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарып, Конституцияга, өлкө эгемендигине, мамлекетибизге сый-урмат мамилени жаратты.

Бул кыска убакта Кыргызстан өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик.
Ошентип, мындан ары бизде ким бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды -Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды.

Мындан ары тыштан таӊулоолорго жол жабылды – ким менен мамиле күтпөйлү, Кыргызстандын кызыкчылыктары биринчи орунда болот.
Азыркы Башмыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.