Президент: Эсеп палатасы жазалоону гана көздөгөн орган болуп алган

Бүгүнкү күндө Эсеп палатасы жазалоону гана көздөгөн орган болуп алган. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү конференцияда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, аймактарды өнүктүрүү саясатында ийгиликтүү мисалдар бар. Бирок, тегиз, системалуу иштер болбой жатат. Элди тынчсыздандырган көйгөйлөр — жумушсуздук, коррупция, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын натыйжасыздыгы.

Дагы бир жагдай,  жергиликтүү бийликти негизсиз текшерүү маселеси.

“Бул туура эмес, биз айыл өкмөттөргө жана акимдерге жардам берип, эсепти туура жүргүзүү боюнча консультация берүүнү күчөтүшүбүз керек”,-деди Жээнбеков.

Мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбайт.Көпчүлүк министрлер жер-жердеги көйгөйлөрдү билбейт, элет менен байланышы начар деп сындады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.